ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте диабет оорусунан жабыркаган балдарды колдоо акциясы өткөрүлдү

Бүгүн, 12-декабрда “Диабетсиз балалык” Коомдук бирикмеси Бишкек мэриясынын жардамы менен “Балдарга келечек тартуулайбыз” акциясын өткөрдү.

Акция диабет менен жабыркаган балдарга көңүл бөлүү максатында өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага “Диабетсиз балалык” АК балдары, алардын ата-энелери, “Пчелка” балдар бакчасынын адситери, Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери катышты.
Акциянын жүрүшүндө атайы кооздолгон траллейбус шаар кыдырып, аялдамадагы шаар тургундарына аталган оору тууралуу маалыматы менен таттуулар таратылды.