ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Медициналык тез жардам шаардык балдар ооруканасынын 50 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 12-декабрда Бишкекте Медициналык тез жардам шаардык балдар ооруканасынын 50 жылдыгы белгиленди.

Мааракеге арналган иш-чарага Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, оорукананын башкы дарыгери Таланбек Өмүрбеков, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары жана оорукана кызматкерлери катышты.
Салтанаттуу иш-чараны оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмурбеков ачып, жалпы жамаатты куттуктады. Ошондой эле, оорукананын жетишкендиктери жөнүндө айтып берди.
“Урматтуу коноктор! Сүйүктүү жамаат! Бүгүн биз оорукананын түптөлүшүнүн 50 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Биздин оорукананын тарыхы жалпы балдар хирургиясы менен байланыштуу. Биздин дарыгерлер өлкөбүздөгү балдар хирургиясынын калыптануусунда салымы чоң”,- деди Талантбек Өмурбеков.
Кезегинде Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова мекеменин жалпы жамаатын куттуктап, Бишкек шаарынын мэриясынын атынан оорукананын башкы дарыгери Талантбек Өмурбековго Бишкек шаарына кылган эмгеги үчүн жогорку деңгээлдеги орденин тапшырды жана ак кызмат кылган, өзгөчөлөнгөн кызматкерлер Ардак грамоталары менен сыйланышты.
“Бүгүнкү күндү эң жакшы жерде өткөрүп жатабыз. Бул жерге үмүт менен келип, ыраазычылык менен кайтышат. Анткени, бул ооруканада мээримдүү, кесибин жакшы билген дарыгерлер эмгектенишет. Белгилей кетсем, оорукананын башкы дарыгери шаардын саламаттыкты сактоо тармагынын, ар бир дарыгердин, ар бир баланын  сыймыгы”,-деп белгиледи Айгүл Рыскулова.
Оорукананын мааракесини алкагында илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. ошондой эле, "Эң мыкты жаңычыл доклад" конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.