ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери тарабынан чарба курулушу алынып салынды

Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери тарабынан 10х4 м өлчөмдөгү чарба курулушу алынып салынды.

Кезектеги рейддин жыйынтыгында Жеке турак-жай куруу департаментинин кызматкерлери Якутск көчөсү, №35 дарегинин жашоочулары өз ыктыяры менен жер тилкесин кеңейтип алуу фактысын аныктады.
Мыйзам бузуучу муниципиалдык аймактын эсебинен жер тилкесин кеңейтип,  10х4 м өлчөмдөгү чарба курулушун жүргүзгөн. Жыйынтыгында, аталган даректин ээсине “Аныкталган бузууну четтетүү жөнүндө” эскертүү берилген.
Эскертүү берилгендигине карабастан курулуш иштери уланта берген. Жеке турак-жай куруу департаменти административдик протокол түзүп, соттун кароосуна жиберген.
Биринчи май райондук соту мыйзам бузуучуга 10 миң сом өлчөмдөгү айып салып, жер тилкесин баштапкы абалга келтирилди.