ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Калыс-Ордо” жаңы конушунда мектептин пайдубалына капсула с алуу иш-чарасы өткөрүдү

Бүгүн, 9-декабрда  “Калыс-Ордо” жаңы конунун мектебинин пайдубалына капсула салуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев, КСДП партиясынын лидери, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев жана ТВА кытай компаниясынын Кыргызстандагы өкүлү Мусажан Макили катышты.



Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов “Калыс-Ордо” жаңы конушунда салынып жаткан мектеп конуш үчүн абдан маанилүү экенин баса белгиледи.

 "Бул мектеп жаңы долбоор жана жаңы технология менен салынат. Ал 750 окуучуга ылайыкталган жана анда 2 нөөмөттө окуп, жалпысынан 1500 окуучу билим алат. Буюрса, курулуш иштери 1 жылдын ичинде толугу менен аяктап, 2015-жылдын 1-сентябрында пайдаланууга салтанаттуу түрдө берилмекчи",- деди борбор калаа башчысы.
 
Аталган долбоор Tebian Electric Apparatus Stock Co кытай компаниясынын каражатына салынууда.