СЭИ кызматкерлери тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди
- Подробности
- Опубликовано 08.12.2014 18:10
Рейддин жүрүшүндө Свердлов районунда жайгашкан “Домино” фаст-фудунун айланасы антисанитардык абалга жеткен.
Кургак тиричилик таштандылары башаламан чогулуп, санитардык нормалар жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелер көзөмөлдөнгөн эмес. Ошондой эле, курулуш таштандылары белгиленбеген жерлерге башаламан ташталган.
Жыйынтыгында, Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Домино” ЖЧКнын директору Уметов М. атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Свердлов райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
16.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |