ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май райондук администрациясы шаардыктарды муниципиалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырат

Коомдук жерлерде, шаарды көрктөндүрүүдө  тазалыкты жана маданий жүрүм-турумду сактоо максатында Биринчи май райондук администрациясы шаар тургундарын жана конокторду муниципиалдык мүлктөргө аяр мамиле кылууга чакырат.
Эркиндик бульварындагы таштанды үчүн урналарга, чатырчалуу орундуктарга  жана орундуктарга, Бишкек шаарындагы баардык муниципиалдык мүлктөрдү, коомдук жерлерде көрктөндүрүү  жана тазалык эрежелерин сактоого жана аяр мамиле кылууга чакырат.
Биринчи май райондук администрациясы Кыргыз инвестициалык-кредиттик банкынын колдоосунда 2013-жылы Эркиндик бульварын көрктөндүрүү жана оңдоп түзөө иштери өткөрүлгөн.  
Бульвар толугу менен оңдолуп, баардык орундуктар боелгон. Жаңы таштанды урналары орнотулуп, тышкы жарыктандыруу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн жана энергия үнөмдөөчү лампалар орнотулган.
Үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде 12 чатырчалуу орундуктар жаңы орундуктарга алмаштырылып, оңдолду.
Тилеке каршы, бүгүнкү күндө коомдук жерлерде жаштар жүрүм-турум эрежелерин сактабай, муниципиалдык мүлктөрдү бузуп, чатырчалуу орундуктарга ар түрдүү жазууларды калтырууда.