ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жолдордогу карларды тазалоо үчүн шаардык кызмат түнү бою күрөштү

Калаада  калың жааган карларды тазалоо үчүн “Тазалык” муницпиалдык ишканасынын кар тазалоочу техникалары ишке чыгарылды.
Калаанын борбордук көчөлөрүндө карларды тазалоо үчүн кечки саат 21.00 “Тазалык” муниципиалдык ишканасынан үч бригада кызматкерлери чыгышты. 
 
Баардыгы 5 трактор, 4  грейфердик жүктөгүч, 2 ЗИЛ КДМ жана 16 МАЗ КО- 806,   жалпы 27 бирдик атайы техника ишке тартылды.
 
“Тазалык” МИ башчысы Рыспек Сарпашовдун билдирүүсү боюнча, борбордук көчөлөрдү тазалоо боюнча иштер саат 21.00до башталып түнкү 02.00го чейин уланды. Эртең мененки 8.00го чейин  кум, туздар төгүлдү. 
 
Ошондой эле, тратуарларды тазалоого 544 жумушчу ишке тартылды.