ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте окурмандар арасында “Согуш жөнүндөгү саптар” конкурсу өткөрүлдү

Айтматовдун китептери китепканасында калаанын билим берүү уюмдарынын окуучуларынын катышуусунда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан  “Согуш жөнүндөгү саптар” шаардык конкурсу өткөрүлдү.

Конкурс Билим берүү башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, Улуу жеңиштин 70-жылдык майрамынын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарага тандоо турунун жеңүүчүлөрү, окуучулардын ата-энелери, мугалимдер, Жогорку кеңештин депутаты Кадыров Бахтияр, Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары З.Исакова, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башкы адиси Ж.Суранов, режиссер-Фельд В.Л, Борбордук китепкана тармагынын директору Г.Дандыбаева жана ИИМ Академиясынын инспектору- Ч.Рысалиев катышты.

Калыстар тобу эки номинация боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты. “Жатка айтуу” номинациясы боюнча төмөнкүлөр жеңишке ээ болду:

I-орун Жапарова Алтынай (№27 мектеп-гимназия);

II-орун Өскөнбаева Айдана (№12 мектеп-гимназия);

III-орун Карыпова Айгерим (№85 мектеп-гимназия);

Ал эми “Көркөм окуу” номинациясы боюнча:

I-орун Жүдомүшов Ринат (№18 орто мектеби):

II-орун Дворянинова Юлия (№33 мектеп-гимназия);

III-орун Талантбек кызы Милана (№86 орто мектеби).

Конкурстун жеңүүчүлөрү грамота жана белектер менен сыйланышты. Катышуучулардын ата-энелерине ыраазычылык баракчалар тапшырылды.