ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Эл аралык майыптар күнүнө арналган шаардык иш-чаралар өткөрүлдү

Бүгүн, 3-декабрда “Сейтек” балдар чыгармачылык борборунда Эл аралык майыптар күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлдү.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди куттоктоо үчүн Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Любовь Ардамина келишти.

“Жыл сайын шаардык бюджеттен жардамга муктаж болгондорго акчалай каражаттар бөлүнүп турат. Муниципиалитет тарабынан шарттар түзүлөт. Мэрия материалдык жана медициналык жардам берүүгө даяр. Баардыгыңыздарга бекем ден соолук, күчтүү эрк, тынчтык жана чыдамкайлуулукту каалайм”,-деп белгиледи вице-мэр.

Иш-чаранын жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында өткөн спорттук мелдештерде, кол өнөрчүлүк боюнча сынактарда алдыңкы орун алгандарга диплом, грамота жана баалуу белектер, сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, 600 катышуучуга 5000 сомдун тегерегинде материалдык жардам көрсөтүлдү.

Калаанын төрт районунда иш-чаралар уюштурулду.

Ошол эле учурда Ленин району боюнча  520 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү.

·        958 адам 500 сомдон жардам алышты;
·        1 үйбүлөдө/3 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар  10 000 сомдон;
·        1 үйбүлөдө/2 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар   5 000 сомдон;
·        6 уюм, мүмкүнчүлүгү чектелгендер балдар менен иштегендерге - 26 000 сом.

Свердлов району тарабынан 600 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү;
·        300 адам 500 сомдон  150 миң сом (18 жаштан төмөн);
·        250 адам500 сомдон125 миң сомго;
·        райондук майыптар коомуна  20 миң сом;
·         №124,48балдар билим берүү уюмуна65800 сом каражат каралды;

№ 21мектеп-интернатына 30 миң сомго сыналгы алынды.
·         № 30 көмөкчү мектепке  20,0 миң сом бөлүнөт;
·       Бишкек шаарынын шаардык кургак учукка каршы ооруканасына 25,0 миң сом бөлүндү.

Октябрь  районужалпы суммасы 401 миң сом жардам көрсөттү:

2014-жылдын 26-ноябрда майыптар күнүнө карата №88 орто мектепте “Оберег” жана “Ювентус” калыбына келтирүү борборлору менен бигеликте иш-чара өткөрдү.

Жалпы топтогу майыптарга 26 адамга250 сомдон;
·        409 адамга (18 жашка чейин) 250 сомдон;
·        90 адам500 сомдон;
·        520 аз камсыздалган  250 сомдон;
·        ГНИ онкология жана радиологияга - 10 миң сомдон;
·        балдар кургак учук - 10 миң сомдон.

Биринчи май району541 миң 200 сом жардам көрсөттү:
·        630 адам500 сомдон;
·        236 адамга 165,200 миң сомдук тамак-аш жардам корсөтүлдү.
·        «Оберег» калыбына келтирүү борбору - 5 миң сом;
·        «Умут-Надежда» - 5 миң сом;
·        Азиздер мектеп-интернатына  - 5 миң сом;
·        Карылар интернат үйү - 10 миң сом;
·        Залдын ижарасы,  транспорттуккызматтар, концерттик программага  36 миң сом керектелди.

Ошондой эле, райондук администрациялар тарабынан акысызчач-тарачтар, мончолор, кайрымдуулук түшкү тамактары тейленет.