ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн иш-чаралар өткөрүлдү

Бүгүн, “Сейтек” балдар чыгармачылык борборунда  Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга атайы иш-чара өткөрүлдү.

Саамалыкка 600 бала катышып, аларды куттуктоо үчүн  Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Любовь Ардамина келишти.

“Ар кандай тоскоолдуктарга карабастан коомдук ар кандай иштерге катышып, кыйынчылыктарды жеңип келе жатасыздар. Сиздерге бекем ден соолук, күчтүү эрк, бактылуулук каалайм”,-деп белгиледи вице-мэр.

Иш-чаранын жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин арасында өткөн спорттук мелдештерде, кол өнөрчүлүк боюнча сынактарда алдыңкы орун алгандарга диплом, грамота жана баалуу белектер, сыйлыктар тапшырылды.

Ошондой эле, катышкан көмөкчү мектептердин, коомдук уюмдардын жана борборлордун балдарына таттуу түрүндөгү белектер таратылды.

Азыркы мезгилде шаарыбыздын социалдык тармагында 13,8 миң  мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар каттоодо турушат, анын ичинде:                                - 80 Улуу Ата-Мекендик согуштун майыптары;                                                           - 206  адам Чернобыль АЭС кырсыгын жоюга катышып майып болгондор жана аскер кызматында жүрүп майып болгондор;                                          - 5734 адам ден-соолугунан жапа чеккендер (I, II, III топтогу майыптар); - 2954  адам көрүү жана угуу органдарынан майып болгондор;                                   - 4884  адам бала кезинен майып болгондор (18 жашка чейин жана андан улуулар).

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоо шартын көтөрүү максатында мэрия тарабынан 20 ар түрдүү социалдык жардамдар көрсөтүлүп келет.

Мындан тышкары, мэрия 36 ар кандай коомдук уюмдар, бирикмелер жана майыптар борборлору менен иш алып барат.

Ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн шаардык борбор адистештирилген социалдык, медициналык, психологиялык жардамдарды көрсөтүп турат, бул багытта шаардык бюджеттен 6,7 млн. сом акча каражаты бөлүнөт.

         Көрүү, угуу органдарынан жапа чеккен, Советтик Армиянын, тыл эмгекчилеринин майыптарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөрдү төлөп туруу улантылууда.

1996-жылдан бери шаарыбызда Тиричилик субсидиялар борбору иштеп келет, бул борбордон ардагерлер жана майыптар коммуналдык кызматтар төлөмүнө, газ менен, ысык, муздак суу менен камсыздоо максатында каражат ала алышат. Бул багытта жергиликтүү бюджеттен 2014-жылга 21,0 млн. сом каражат каралган.

2014-2015-жылдын жылытуу мезгилине жергиликтүү бюджеттен көмүргө, ысык тамакка каражат  бөлүнүп, 184  майыптарга үйлөрүнө жеткирилип берилди. Жалпы сумма 2,3 млн. сомду түздү. Мындан тышкары,  шаардын чач-тарачтарында, мончолорунда тейленишет.

Мындан тышкары, Бишкек шаарында  I, II, III жалпы топтогу майыптар шаар ичинде коомдук транспортто акысыз жүрүшөт.