ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь районунда жол кыймылынын эрежелери боюнча тегерек стол өткөрүлдү

№71 мектепте Октябрь районунун билим берүү мекемелеринин алдындагы жол кыймылынын эрежелеринин бузулушу боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек стол Октябрь районунун “Алтын-Келечек”кыймылынын лидерлеринин демилгесинде өткөрүлдү.

Аталган жыйынга Октябрь районунун Билим берүү борборунун директору Е. Строкова, адис С.Усуеналиева, Кыргыз Республикасынын ИИМ ЖКК басма кызматынын ага инспектору Тилек Оторов, ШИИМ ЖКК аналитика жана профилактика бөлүмүнүн башчысы Болот Эркинбаев, “Алтын Келечек” кыймылынын координатору У.Иванов жана Октябрь районунун мектеп лидерлери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө №62 окуу тарбиялоо мектеп гимназиясынын алдында мыйзамсыз унаа токтотуулар, №17 окуу тарбиялоо мектеп комплекси алдында жол белгисинин жоктугу талкууланып, №20 окуу тарбиялоо мектеп комплекси шаардык МАИ менен биргеликте “ЮИД” долбоорун ачыктап беришти.

Жыйын жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү максатында өткөрүлдү.