ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда дин иштер боюнча жыйын өткөрүлдү

Биринчи май райондук администрациясынын жыйын залында кезектеги дин иштер боюнча координациялык кеңеш өткөрүлдү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2014-2020-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясы жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын мыйзамы боюнча “Экстремистик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүү жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында өткөрүлдү.
Жыйынга Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Аскербек Алиев, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаардык казыят, укук коргоо органдары жана атайы кызматтар, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын башчылары, ЖОЖдун жетекчилери, Аксакалдар сотунун өкүлдөрү, мечит-медреселердин имамдары катышты.
Аталган жыйында диний экстемизм, диний-экстремизмге каршы аракеттерди жасоо, ошондой эле, диний объектилерди каттоо каралды.