ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Сатууга жана сатып алууга мыйзам жол бербейт

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти Биринчи май райондук администрациясынын аймагында жайгашкан “Алтын Казык” конушундагы (таштанды төгүүчү жай) мыйзамсыз курулуш иштерин токтотууга, жер тилкесин сатууга жана сатып алууга мыйзам жол бербестигин билдирет.

Аталган жерди мыйзамсыз басып алып, жер тилкесин сатып жана сатып алгандардын саны көбөйүдө. Бул тууралуу департамент тарабынан элге маалымдоо максатында 2014-жылдын 11-ноябрында 2,0Х1,0 м өлчөмүндөгү темир такта орнотулган.
Аталган аймакта баардык мыйзамсыз курулуш-монтаждоо иштерин токтотууну  талап кылат.  Ошондой эле, Бишкек шаарынын таштанды төгүүчү жайы көрүстөнгө жакын жайгашкан жери санитардык ченемдерди одоно бузулгандыгына байланыштуу аймактык жашоочуларга эскертүү баракчалары таратылды.
Азыркы учурда “Алтын-Казык” конушундагы орнотулган такта белгисиз адамдар тарабынан жулунуп салынган.