ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкектин жолдорундагы тайгалактарды жоюу үчүн шаардык кызмат күрөшүүдө

Кече, «Тазалык» муниципалдык ишканасы кумдарды чачып Бишкектин жолдорундагы тайгалактарды жоюу менен күрөштү.

Бул багыттагы жумуштар кечээ, 25-ноябрда саат 19:00дө башталып, бүгүн саат 7:00га чейин уланды.

Шаардык кызматтын мобилдик топтору тарабынан 12 сааттын ичинде 433 тонна кум жана 37 тонна туз чачышты. 15 кум чачуучу техника, 2 грейфердик жүктөгүч, тротуарларды тазалоо үчүн 5 трактор, ошондой эле «Тазалыктын» 30 жумушчусу тартылды.