ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

«Эдельвейс» курал дүкөнү балдардын коопсуздугунда коркунуч жаратууда

Калаанын №64 мектеп-гимназиясынын имаратында жайгашкан “Эдельвейс” спорттук-мергенчилик курал дүкөнү балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратууда.

“Ушул күнгө чейин бул дүкөндөн алдына  кымбат маркадагы унаалар келет. Унаалар мектептин алдына келип токтошот. Күн сайын балдар унаанын алдында калып калат деген коркунуч менен жашайбыз. Андан тышкары, мага мектептин мугалими катары дүкөндө кандай куралдар сатылып жатканы белгисиз. 1800 окуучу билим алып, 150 мугалим эмгектенип келген ” №64 мектеп-гимназиянын жарылуусуна же өрт чыгып кетишине аталган дүкөн себепчи болушу мүмкүн”, -дейт мектеп директору Фаима Чажалиева.

Калаа башчысы аталган дүкөндү тез арада бошотууга буйрук берди.

Муниципиалдык менчик башкармалыгы менен “Эдельвейс” курал дүкөнүн ижара келишим  мөөнөтү 2014-жылдын 1-майында бүткөн. Бирок, ага карабастан бүгүнкү күнгө чейин иштеп келет.

Бишкек мэриясынын кызматкерлери укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен биргеликте абалды териштирүү максатында атайын көчмө жыйын өткөрдү. Текшерүү учурунда аталган дүкөндүн ээси ордунда болгон эмес. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери курал дүкөнүнө пломба салып, эскертүү калтырып, акт түзүштү. Аталган дүкөндү бошотуп бербесе Октябрь райондук сотуна жиберилет.