Калаанын эски аянтында гуманитардык жүктөрдү узатуу иш-чарасы өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 26.11.2014 12:12
Бүгүн, 26-ноябрда калаанын эски аянтында Ысык-Көлдөгү жер титирөөдөн жабыркаган тургандарга гуманитардык жардамдарды жиберүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-ноябрнан 25-ноябрна чейин Ленин, Октябрь, Биринчи май жана Свердлов райондук администрацияларынын имараттарында гуманитардык жардамдарды чогултуу пунктары ачылган.
Шаардын атынан Ысык-Көл облусуна 669 миң. 414 сомдук 32 тонна көлөмдүү 4 унаа жөнөтүлдү. Бир унаа азык-түлүктөр жана жылуу кийимдер, калган унааларда цемент, пенопласт, жыгач тактайлар алынды.
Бишкекте жүктөрдү узатуу иш-чарасына Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана премьер-министр Жоомарт Оторбаев катышты.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
26.04.2025 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |