ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда ички мигранттарга мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тармагын өзгөртүү талкууланды

Биринчи май районунда “Биринчи май, Ленин, Свердлов районунун ички мигранттары үчүн мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү тармагын өзгөртүү” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага райондук администрациялардын өкүлдөрү, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Жалпы билим берүү мекемелери, Жергиликтүү аймактык башкармалыктар жана “Ак-Босого”, “Мурас-Ордо”, “Калыс-Ордо” жаңы конуштарынын үй башчылары катышты.

Жыйында ички мигранттар үчүн негизги кызматтарды көрсөтүү жана ички мигранттарга кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу талкууланды.

Тегерек стол Биринчи май райондук администрациясы “Балдарды коргоо борбору” АК менен биргеликте уюштурду.