ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Вице-мэр Бакытбек Дүйшембиев Көк-Жар жаңы конушундагы курулуш иштери менен таанышты

Үстүбүздөгү жылдын 24-ноябрда Бишкек шаарынын вице-мэри Бакытбек Дүйшембиев Көк-Жар жаңы конушунда 280 орундук бала бакчанын курулуш иштери менен таанышты.

Бишкек шаарынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө  төмөндөгү иштер аткарылды:

Жер казуу иштери – 100%;
Пайдубал  - 100%;
Тосуу плиталары – 100%;
Биринчи кабаттын колонналары – 100%;
Биринчи кабаттын таянычтары  – 100%;
Биринчи кабаттын тосмо жана дубалы (кирпич) – 100%;
Биринчи кабаттын тосулган плиталары – 100%;
Экинчи кабаттын колоналары – 100%;
Экинчи кабаттын таянычы – 70%;
Экинчи кабаттын тосулган плиталары – 35%;
Экинчи кабаттын тосмо жана дубалы – 35%;

Баардык керектүү курулуш материалдары сатылып алынды. Курулуш объектисинин жалпы чыгымы 70 052,250 миң. Сомду түзөт. Аткаруучулар «Экспресс строй» Жоопкерчилиги чектелген коому.