ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында армрестлинг боюнча мелдеш өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрнан 23-ноябрна чейин “Достук” дене тарбиялык- ден соолукту жакшыртуучу комплексинин базасында угуусу начар, борбордук нерв системасы жана таяныч-кыймылдоо аппаратынан жабыркагандар арасында армрестлинг боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган иш-чара калаанын XVI – Спартакиаданын алкагында өттү.

Мелдештин жыйынтыгында угуу функциясынан жабыркаган балдар арасында “Армрестлинг” боюнча (салмактык категория 60 кг чейин), биринчи орунду -  Ли Эдуард , экинчи орунду - Вохидов Торобек  жана үчүнчү орунду  - Вохидов Торобек  багындырды. Эркектер арасында: биринчи орун - Исмаилов Улан, экинчи орун- Калысбек уулу Жаныбек жана үчүнчү орун- Атабеков Марсбек жеңишке ээ болушту.

70 кгдан ашкан салмак категориясы боюнча балдар арасында биринчи орунга- Махаматжан у. Кубатбек, экинчи орунга- Парфенов Андрей жана үчүнчү орунга- Ханласан Мухамеду ээ болушту. Эркектер арасында: биринчи орун- Лювшиза Исмаил, экинчи орун- Талантбек у Эльдияр жана үчүнчү орун- Омурбеков Нурзат багындырды.

Борбордук нерв системасынан жабыркаган балдар арасында (салмактык категория 60кг чейин) биринчи орунга - Токтосун у. Акай ээ болду. Ал эми эркектер арасында: биринчи орунду- Абылбек у Султан жана экинчи орунду - Попов Вячеслав багындырды.

Салмактык категориясы 70 кг болгон балдар өспүрүмдөр арасында Дымов Дмитрий жеңүүчү деп табылды. Эркектер арасында: биринчи орун - Горин  Валерий,  экинчи орун - Горин  Валерий жана үчүнчү орунга - Куракин Кирилл ээ болду.

Таяныч кыймылдоо аппаратынан жабыркагандар арасында Кемелов Баяман жеңишке ээ болуп, экинчи орунду- Прокопов Александр багындырды.