ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Жеке турак-жай куруу департаменти мыйзамсыз куруу фактысын аныктады

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти Карагай тар көчөсү,  №19,21 дарегин текшерүүдө мыйзамсыз жер тилкесин кеңейтип алуу фактысын аныктады. 

Аталган даректин ээсинин атына “Табылган бузууларды четтетүү жөнүндө” жазуу эскертүү берилип, административдик укук бузуу протоколу түзүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун кароосуна жиберилди.

Карагай көчөсү, №19 дарегинин жашоочусу Головинский В.К атына 23.10.2014-жылдын №0761 эскертүү берилип, 2014-жылдын 10-ноябрда РП №235/14 административдик протокол түзүлүп, Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Карагай көчөсү, №19 дарегинин жашоочусу  Ким С.М.атына  25.10.2014-жылдын №0762 эскертүү берилип, 10-ноябрда РП №237/14 административдик протокол түзүлүп, Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Азыркы учурда Карагай көчөсү, № 19 дарегиндеги 4,8х1,5м курулуш, узундугу 11,7 м. темир тосмо, ал эми Карагай көчөсү, №21   12,8х8,7 м  өлчөмдөгү темир тосмо өз ыктыяры менен алынып салынды