ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек мэриясы жана SAMSUNG ELECTRONICS компаниясы “Акылдуу класс” сынамык долбоорунун ачылыш болду

Бүгүн, 20-ноябрда Бишкектеги №93-орто мектепте пилоттук мультимедиялык Samsung Smart School класстын ачылышы болду.

Салтанаттуу ачылышка Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Айгүл Рыскулова, КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Бермет Турсункулова жана жогоруда аталган компаниянын Борбордук Азиядагы филиалынын директору Чой Сын Сиккатышты.

Долбоордун ачылышынын жүрүшүндө калаа башчысы Samsung Electronics компаниясына ыраазычылык билдирди.

“Samsung Electronics компаниясына өзгөчө ыраазычылык билдирем. Бул биздин алгачкы кадамыбыз, келечекте биз бардык шарттарды түзүшүбүз керек. Samsung Electronics компаниясы түзүп берген “Акылдуу класс”  бизге чоң көмөк көрсөттү. Ачылган заманбап класс биздин окуучуларга заманбап техникалар менен колдонууга, окууга жардамын берип жатат”- деп белгиледи калаа башчысы.

Кезегинде Samsung Electronicsкомпаниясынын директору Чой Сын Сик кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Аталган долбоор биздин компания Бишкек шаарынын мэриясы менен кызматташууда алгачкы кадамы болду. Биздин компания сапаттуу билим берүүдө пайдасын тийгизет деген ишеничтемин. Ошондой эле, бизге мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн Бишкек шаарынын мэриясына ыраазычылык билдирем”, - деди Чой Сын Сик.

Долбоордун алкагында мектепке 21 планшет, ноутбук жана интерактивдүү такта (доска) тапшырылды. Бул каражаттардын бардыгы өз ара туташтырылган жана окуучулардын тез арада маалымат алмашуусун камсыздайт. Иш-чаранын жүрүшүндө коноктордун катышуусунда атайын сабак өтүлдү.

эскерте кетсек, №93 орто мектебинде ачылган “акылдуу класс” сынамык эксперимент болду. Samsung компаниясы Бишкектин бир нече мектептерине “акылдуу класстарды” ачууну пландоодо. Өткөн жылы Samsung долбоору Казакстан, Азербайджан, Россия,  АКШ, Бельгия жана Түштүк Корея өлкөлөрүндө ишке ашырылган.