ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ кызматкерлери тарабынан калаанын санитардык абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын санитардык абалы текшерилди.

Рейддин жүрүшүндө Улан – 2 кичирайонунун жайгашкан үйлөрдүн аймагы антисанитардык абалга жеткен.

Кургак тиричилик таштандылары башаламан чогулуп, санитардык нормалар жана Бишкек шаарын көрктөндүрүү  эрежелер көзөмөлдөнгөн эмес. Ошондой эле, курулуш таштандылары белгиленбеген жерлерге башаламан ташталган.

Жыйынтыгында, Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери тарабынан “Ак-Тулпар” ЖЧКнын директорунун орун басары Байхамбаев А.Ю. атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин 488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик  комиссиясынын кароосуна жиберилди.