ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэриясы жана Япония элчилигинин биргелешкен иштеринин жыйынтыктары

Бүгүн, 19-ноябрда Бишкек шаарынын мэриясынын жыйын залында “Бишкектеги жол кыймылынын коопсуздугу” долбоору боюнча жабдууларды берүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Япония элчиси Такаюки Коике катышты.

Долбоор Япония өкмөтүнүн “Чөптүн тамыры жана адамдын коопсуздугу” гранттык программасынан ишке ашырылды. Долбоордун алкагында 87 мектептин жана мектепке чейинки мекемелердин жолдоруна жол белгилерди түшүрүү каралган. “Абайлагыла, балдар”-170, “эн томонку ылдамдыкты чектөө” – 146 даана, “Ылдамдыкты  чектөө боюнча кошумча маалымат”- 157, “Жол бошоткула” – 1 даана жол белгилери түшүрүлдү. Аталган долбоорго жалпысынан 241375 доллар каражатты коротулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө, калаа башчысы Япония элчилигине шаарга материалдык- техникалык жардам көрсөткөндүгүнө ыраазычылык билдирип, мындан ары биргеликте иш алып барарын белгиледи.

Кезегинде Япония элчиси Такаюки Коике, “Иштелип жаткан долбоордун негизинде акыркы жылдары жол кырсыктары 15%га азайгандыгы мени кубандырат”,-деп белгилеп өттү.

Жолугушуунун расмий бөлүгүнөн кийин калаа башчысы Кубанычбек Кулматов жана Япония элчиси  жол белгилери жаңы түшүрүлгөн жерлерге баш багышты. Түшүрүлгөн жол белгилеринде термопластикалык материалдар колдонуганын элчи баса  белгиледи.