ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Карагай көчөсүндө мыйзамсыз орнотулган гараж алынып салынды

Карагай көчөсү №57 дарегинде жашаган Розыбаев Малик 3,25х8,2м өлчөмүндөгү мыйзамсыз гараждын курулушун жүргүзүп жана 4,6х3,1м өлчөмүндөгү темир тосмо менен муниципиалдык жердин эсебинен тосуп алган.

Гараждын ээсинде курулушка тиешелүү уруксат документтери болгон эмес.

Аталган мыйзам бузуучуга 25.10.2014 жылдын №000030 “Алып салуу жөнүндө” департамент тарабынан эскертүү берилген.

Коюлган талап аткарбагандыгы үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти 10.11.2014-жылдын РП №236/14 административдик протокол түзүлүп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун кароосуна жиберилди. Азыркы учурда үй ээси өз ыктыяры менен гаражды бузуп, жер тилкеси баштапкы абалга келтирилди.