ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте таяныч-кыймылдоо аппараты жана борбордук нервдик системасынан жабыркагандар арасында шашки боюнча мелдеш өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрнан 15-ноябрга чейин таяныч-кыймылдоо аппараты жана борбордук нервдик системасынан жабыркаган балдар арасында шашки боюнча мелдеш өткөрүлдү.

Аталган мелдеш мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасында шаардык XVI – Спартакиаданын алкагында Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун базасында өткөрүлдү.

Мелдештин жыйынтыгы боюнча борбордук нерв системасынан жабыркаган балдар арасында: биринчи орунду- Сүйүн уулу Арген, экинчи орунду -Дымов Дмитрий жана үчүнчү орунду- Кадырбеков Давлет багындырды. Ал эми кыздар арасында: биринчи орунду- Мирбек кызы Мээрим, экинчи орунду- Абдыракман кызы Айзад, үчүнчү орунду Фирсова Мария алды.

Таяныч-кыймылдоо аппаратынан жабыркаган балдар арасында: биринчи орунду – Абдисалам уулу Нышанбай (Шаардык калыбына келтирүү борбору) жана экинчи орунга – Коргонбаев Тургунбай (Шаардык калыбына келтирүү борбору) жеңишке ээ болду.

Аталган иш-чара Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулду.