ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ инспекторлору шаарды көрктөндүрүү эрежеси одоно бузуу фактылары катталганын маалымдайт

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы шаардын санитардык абалын текшерди.

Кезектеги санитардык рейддин жүрүшүндө Л.Толстой көчөсү, №17 а дарегинде жайгашкан “Нур” ААКнын жумушчулары тарабынан эреже бузулган. Жумушчулар тарабынан  синтетикалык материалдардын калдыктары өрттөлгөн, ошондой эле, таштандылар ташталып, антисанитардык абалга жетип, шаарды көрктөндүрүүдө эрежелер бузулган.

Жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлери  “Нур” ААКнун төрагасы Баймагаметов Т.А. атына  Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кароосуна жиберилди.