ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясынын башчысына Болот Алымкулов дайындалды

Мэриядагы муниципалдык административдик кызматтардагы ваканттык орун боюнча өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы менен Октябрь  райондук администрациясынын башчысына Болот Алымкулов дайындалды.

Алымкулов Болот Карыпович Кыргыз Улуттук университетинин экономика адистигин аяктаган. Кыргыз Республикасынын Премые-министрлик аппаратынын инвестиция жана кайра уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, Октябрь райондук администрациясынын башчысы, ошондой эле, Биринчи май райондук администрациясынын башчысынын орун басары болуп иштеген.

Октябрь райондук администрациясынын башчысына  тиешелүү буйрукка мэр Кубанычбек Кулматов кол койду.