ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ардагер” пансионунда канализация тазалоо боюнча кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү

Бүгүн, 14-ноябрда “Ардагер” пансионунда кайрымдуулук акциясынын алкагында  “Инстрой” жеке компаниясынын канализация түтүтөрүн профилактикалык тазалоо көрсөтүлдү.

Компания кызматкерлери тарабынан “Ардагер” пансионунун аймагынан Усенбаев көчөсүнө чейин 300 метр канализация түтүктөрү тазаланды.

Кайрымдуулук акциясына Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова катышты.

Аталган компания канализацияларды тазалоо процессинде баардык иштерди  видео-көзөмөлдөө менен байкап, жаңы технологиялар менен иш алып барууда.

“Ардагер” пансионуна жалпысынан 10 мин сом  жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, “Ардагер” пансионунда жылуулук берүү көйгөйү чечилди. Бишкек шаарынын мэриясынан түтүктөрдү сатып алууга 500 миң сом каражат бөлүндү. Ал эми, “Бишкек жылуулук тармагы” ААК түтүктөрдү алмаштыруу иштерин аткарышты.