ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын мэрии Кубанычбек Кулматов «Ала-Тоо» жаңы конушунда курулуп жаткан жаңы мектептин иштери менен таанышты

Бүгүн, 14-ноябрда  Бишкек шаарынын мэрии Кубанычбек Кулматов «Ала-Тоо» жаңы конушунда курулуп  жаткан мектептин иштери менен таанышты.

Аталган көчмө жыйынга Кыргызстандагы Казакстан ыйгарым укуктуу элчиси Бейбит Исабаев жана элчиликтин өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев, Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Жыйындын максаты курулуп жаткан жаңы мектептин курулуш иштеринин жыйынтыктары  текшерүү жана  иштөөгө берилер күнүн аныктоо болду.

Долбоор боюнча мектеп баардык шарттары менен 500  окуучуга ылайыкташтырылып салынып, Казак Республикасынын «Самрук-Казына» кайрымдуулук фондунун каражатынан каржыланды

Бүгүнкү күндө эки кабаттуу мектептин курулуш иштери аяктап, айдын аягына чейин иштөөгө берилмекчи.