ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Жеке турак-жай куруу департаментинен 763 жазма эскертүү берилген

2014-жылдын январь айынан октябрь айына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаменти тарабынан жеке курулуштарды курууда мыйзам бузгандарга берилген 763 эскертүүнүн 702 и аткарылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак-жай куруу департаментинин койгон талаптарын аткарууда 232 административдик протокол түзүлүп, соттун кароосуна жиберилди.

Баардык административдик материалдар боюнча 61 соттук токтом чыгарылды.

Бул мезгилде 97 объект алынып, 8и сот иши аркылуу, 89 өз ыктыяры менен алынып салынды. Октябрь айында 103 жазма эскертүү берилди. Азыркы учурда 62 жазма эскертүү аткарылды.

Калган 41инин иштери уланууда.