ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова Кыргызстан майыптар Ассоциациясына баш бакты

Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова көчмө жыйынын  Кыргызстан майыптар Ассоциациясында өткөрдү.

Аталган жыйынга шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Губина Людмила, Республикалык көз карандысыз майып аялдар ассоциациясынын президенти Асипа Мусакеева, Кыргыз Республикалык майыптар коомунун жетекчиси Шүкүрбек Кучканов катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан майыптар Ассоциациясынын көйгөйлөрү каралып, талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында, шаардык башкармалыкка төмөнкү иштер тапшырылды: 10-кичирайонунун Камский көчөсү, №15 дарегине Кыргызстан майыптар Ассоциациясынын дүкөнүнүн курулушуна берилген  жер тилкеси боюнча толук маалыматтарды берүү. Ошондой эле, Кыргызстан майыптар Ассоциациясына жана башка коомдук майыптар фондуларынын имараттарына, Чүй жана Манас көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер алды өтмөк жолдорго  мүмкүнчүлүгү чектелгендердин атайы арабаларына ылайыктуу өтмөктөрдү орнотуу,  2015-жылдын бюджетинин эсебинен майып балдарга Ысык-Көлгө жолдомо берүү,  кошумча акчалай каражаттарды бөлүү жана   параолимпиадалык спортту өнүктүрүүнү кароо жана башка көйгөйлөр каралды.