Эртең калаанын айрым райондоруна ичүүчү суу берилбейт
- Подробности
- Опубликовано 11.11.2014 09:32
“Бишкексууканал” башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 12-ноябрда саат 09.00 дон 17.00 го чейин прфилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу “Белинский” суу алгычында ичүүчү суу токтотулуп, төмөнкү көчөлөрдө, турак райондорунда суу чектетилет: Калык Акиев көчөсү, Куренкеев көчөсү, Логвиненко көчөсү, Чуй, Панфилов, Жибек-Жолу, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрү, анын ичинде Т.Сатылганов атындагы Филармония, “Фабертэк” ЖЧК, №3 шаардык гинекологиялык ооруканасы, “Жапан Стайл” дүкөнү, “Океан” дүкөнү, “Пекин” рестораны, Кыргыз драмтеатр, Улуттук китепкана, Кыргыз мамлекеттик улуттук университети, “Улуттук статистика комитети”, “Спартак” башкы спорттук майданы, Кыргыз билим берүү академиясы, Биринчи май райондук администрациясы.
“Бишкексууканал” башкармалыгы шаар тургундарынан ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана мекеме, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камсыздоого чакырат.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
09.10.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |