Калаада 26 миң.399 адам биометрикалык маалыматтарды тапшырды
Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 20-октябрнан 10-ноябрна чейин 26 миң.399 адам биометрикалык маалыматтарды тапшырды.
Маалыматтарды чогултуу үчүн Октябрь районунун №60 орто мектебиндеги пункт Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына көчүрүлдү.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу Бишкек шаарынын мэриясында жана Свердлов райондук администрациясында улантылууда. 10-ноябрда биометрикалык маалыматтарды чогултуучу ыкчам топ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде иштей баштайт.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери шаардын бардык райондорунда жана мамлекеттик мекемелерде алып барылууда.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
02.05.2024 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |