ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада 26 миң.399 адам биометрикалык маалыматтарды тапшырды

Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 20-октябрнан 10-ноябрна чейин 26 миң.399 адам биометрикалык маалыматтарды тапшырды.

Маалыматтарды чогултуу үчүн Октябрь районунун №60 орто мектебиндеги пункт Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясына көчүрүлдү.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу Бишкек шаарынын мэриясында жана Свердлов райондук администрациясында улантылууда. 10-ноябрда биометрикалык маалыматтарды чогултуучу ыкчам топ Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде иштей баштайт.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иштери  шаардын бардык райондорунда жана мамлекеттик мекемелерде  алып барылууда.