ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде саясий репрессияда курман болгондор эскерилди

Бүгүн, 7-ноябрда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1937-1938-жылдардагы саясий репрессиянын курмандыктарын эскерүү болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер –министри Тайырбек Сарпашев, калаанын райондук администрацияларынын башчылары жана репрессияда курман болгон баатырлардын жакын туугандары катышты.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер –министри Тайырбек Сарпашев иш-чараны ачып жатып “Кыргыз мамлекетинин эгемендиги үчүн күрөшкөн баатырлардын тарыхын кийинки муунга жеткирүү биздин парз” – деп белгиледи.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өз сөзүндө «Биз бүгүн Мекенине жанын берген баатырларыбызды эскерүү үчүн чогулуп отурабыз. 76 жыл мурда 5-8-ноябрда кандуу сталиндик бийлик, биздин мамлекеттин негизин курушкан элбиздин 100дөн ашуун уулдарынын өмүрүн алган. Балким ошол күнү Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов арасында болгон 138 адам өлтүрүлбөгөндө Кыргызстандын тагдыры башкача түзүлмөк.Бул жер ыйык. Анткени бул жерде жүрөгү Мекен деп соккон улуу адамдардын сөөктөрү коюлган. Биз каза болгондор кыялданган күчтүү, калыс, өнүккөн мамлекет курууга милдеттүүбүз. Биздин баатырлардын жаркын элестери биздин жүрөгбүздө дайыма жашайт. Топурактары торко болсун», - деп белгиледи мэр.

Аталган иш-чаранын алкагында, саясий репрессияда курман болгондордун жакындарына 30 миң сомдон материалдык жардамдар көрсөтүлдү.