ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаа башчысы Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бүгүн, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана баллет театрында кыргыз милициасынын түзүлгөн  күнүнүн 90 жылдыгы белгиленди.

Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, Ички иштер министри Мелис Турганбаев жана ИИБнын кызматкерлери катышты.
Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов ИИБнын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен  куттуктап, эл жери үчүн ак кызмат өтөп жаткан мыкты кызматкерлерди Ардак грамоталар жана баалуу белектер  менен сыйлады.
“Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарынын алдында бир нече жооптуу маселелер жана милдеттер бар. Алардын башкы милдеттери — коомдук тартипти сактоо, мыйзамдын ар кандай бузулушуна жол бербөө, анын талаптарын так жана таза аткаруу.
Албетте, сиздердин ишиңиздер оор. Күн түн дебей, иштеп, элибизге кызмат кылып жатасыздар. Сиздердин ишиңердин аркасында гана Кыргызстан туруктуу, өнүккөн, укуктук жана демократиялык мамлекетке айланат деп ойлойм.”  -деп белгиледи калаа башчысы.