ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаардык Муниципиалдык аймактык башкармалыктар арасында Спартакиада өткөрүлөт

Бишкекте 1-ноябрдан 8-ноябрга чейин Бишкек шаарынын Муниципиалдык аймактык башкармалыктар арасында шаардык Күзгу спартакиаданын финалы өткөрүлөт.

Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети өткөрүүдө.
Мелдеште спорттун беш түрү: волейбол, стол тенниси, дартс, кичи-футбол, жеңил атлетика көрсөтүлөт.
Спартакиада өткөрүүнүн  башкы максаты – Бишкек шаарынын Муниципиалдык аймактык башкармалыктар арасында дене тарбиялык кыймылдарды көтөрүү, спорт менен машыгууга чакыруу эсептелет.
Мелдешке 25 жаштан жогорку катышуучулар катыша алат.
Аталган мелдеш 1-ноябрь саат 10.00до Асанбай кичирайонунун спорт аянтында башталат.
Бардык жеңүүчүлөр баалуу белектер, диплом жана медалдар менен сыйланат.