ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Октябрь райондук администрациясынын башчысы “Жогорку Көк-Жар” кварталынын жашоочулары менен жолугушту

Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы Камалдин Токтосартов “Жогорку Көк-Жар” №20 кварталынын жашоочулары менен жолугушту.

Жолугушууда электр энергиясы жана жылуулук энергиясынын тарифтери, электр энергиясын керектөөдөгү лимиттердин көзөмөлдөөсү, көмүрдүн өз убактысында даярдоо, элдин жарды катмарына социалдык көмүр менен камсыз кылуу жана отундук база жана көмүр сатуу маселелери район башчысынын көңүлүн бурдурду.

Жашоочулар тарабынан конушту көрктөндүрүү жана башка курч көйгөйлөр көтөлдү.

Ошондой эле, жолугушууда Октябрь районунун салык кызматынын башчысынын орун басары Чолпон Кеңешова  салыкты убактысында төлөөнү эскертти.

Жыйынтыгында район башчысы Камалдин Тотосартов мындай жолугушуулар дайым өткөрүлүп тураарын баса белгиледи.

Аталган жолугушууда шаардык жана райондук кызматтардын өкүлдөрү катышты.