ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте туруктуу үй жайсыз адамдарга баш калкалаар жерлер иштелип баштайт

Шаардын төрт районунда сууктун башталышына байланыштуу туруктуу үй жайсыз адамдарга баш калкалаар жерлер иштелип баштайт.

28-октябрда Свердлов районунун Фере көчөсү, №34 дарегинде 45 орунга эсептелген баш калкалаар жер ачылат.

Ошондой эле, эртең 12 кичи районунда 60 орунду убактылуу кармоочу баш калкалаар жер ачылат. Аталган жер районду көрктөндүрүү боюнча комбинаттын имаратынан 3 бөлмө берилип,   терезелер жылууланып, эшик, даараткана  орнотулду жана таштандылар чыгарылды.

Биринчи май районунда турукту үй жайсыз адамдар үчүн 70 орундуу  “Коломто” баш калкалаар жери жыл бою иштейт. Райондук бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 3 млн. каржыланат.

Ленин районунда 55 адамга ылайыкталган  аялдар жана балдар үчүн боорукерлик борбору жыл бою иштейт.

Төрт баш калкалаар жерле тең бир маал, кеки ысык тамак берилет. Ошондой эле, мончо жана чач тарач кызматтарын уюштуруу пландалуда.

Ар бир баш калкалаар жерлерге медицина кызматкерлери бекитилди.