ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бир айда 7596 кары медициналык кароодон өткөрүлдү

Калаада кары адамдардын бир айлыгы өткөрүлдү. Саламаттыкты сактоо департаментинин билдирүүсү боюнча, бир айлыктын алкагында шаардын профилактикалык-дарылоо уюмдарына 7596 кары медициналык кароодон жана текшерүүдөн өткөн.

670 жаранга социалдык жардам катары акысыз рецепт жазылып, гуманитардык жардам боюнча 258 жаранга, ошондой эле, 1312 карыга кошумча медициналык камсыздандыруу пакети боюнча дары-дармектер берилди.

Баса албаган карылар үчүн 1098 көчмө медициналык кароо өткөрүлдү. Андан тышкары, 535 карыга диагностикалык УЗИ, 945 – ЭКГ жана 425 – ФГ жана 140 улуу муундун өкүлү ооруканага жаткырылды.

Шаардын стамотологиялык бейтапканасында терапиялык дарылоо – 241, хирургиялык – 153, ортопедиялык 10 адамга жардам көрсөтүлдү.

Карылар интернат үйүндө 198 адам жашайт, алардын 49 баса албайт.

Үстүбүздөгү жылдын 8-10-октябрда тереңдетилген медициналык текшерүү өткөрүлүп, 100 нерволог, 150 уролог, 37 окулист, 150 хирург, 150 дерматолог, 37 онколог, 100 терапевт, 98 кардиолог жана 114 эндикринолог адистери кызмат көрсөүшкөн.

Профилактикалык –дарылоо уюмдарында саламаттыкты сактоо тармагынын ардагерлеринин урматына салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп, эстеликке белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.