ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте жолдогу чуңкурларды оңдоо үчүн жаңы техниканы көрсөтүштү

Шаардык ЖЧКлардын бири Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттигине жол чуңкурларын оңдоочу жаңы техниканы сунуштаган.

Жол оңдоодогу эски техникаларга салыштырмалуу ыңгайлуу. Биринчиден, бул техниканын иштөө методу аба-ырайына карабайт. 7-8 градус суукка карабастан иштетүүгө болот.  Экинчиден, жол кыймылын жабуу талап кылынбайт. Андан тышкары, оңдоо иштерин айдоочуну кошкондо 2 адам гана иштетсе болот. Бир күндө 150 метр жолду асфальбетон менен төшөп, ошол эле учурда колдонууга болот.

«Торговый дом Российская техника» ЖЧКсынын директору Олег Кортуновдун айтуусу боюнча, алдын ала тазалоолорду талап кылбайт. Майда жаракадан  баштап, чоң чуңкурларга чейин эч кыйынчылыксыз оңдоого болоорун белгиледи.

“1 квадрат метр чуңкурду оңдоо 850 сомду түзөт. Кепилдик 1 жылга берилет.  Жолду колдонууда оор жүк ташуучу техникалардан анча чоң эмес майышуулар болушу мүмкүн.” – деп белгиледи Олег Кортунов.

Белгилей кетсек, салттуу оңдоолорго салыштырмалуу 10-15 % арзан түшөт.

Аталган көрсөтүүгө шаардык кеңештин депутаттары, “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын өкүлдөрү, Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Комиссия тарабынан бир ай сыноо мөөнөтү берилип, жыйынтыгына жараша талкууланмакчы.