ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

СЭИ инспекторлору тарабынан шаардын санитардык абалы текшерилди

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан шаардын санитардык абалын текшерүү үчүн кезектеги рейдди жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө, Чүй проспектиси №226 дарегинде жайгашкан “Оптовик” соода комплексинин жумушчулары тарабынан эреже бузуулар фактысы катталган. Аталган соода комплексинин аймагы баш аламан кургак тиричилик таштандыларына толуп, антисанитардык абалга жеткен жана шаарды көрктөндүрүүдө эрежелер бузулган.

Рейддин жыйынтыгында, Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ кызматкерлери “Оптовик” соода комплексинин директору Парманкулов С атына Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиянын кроосуна жиберилди.