ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

8 кичи райондо кыйылган бактардын ордуна көлөмдүү көчөттөр отургузулат

“Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасынын билдирүүсү боюнча, 8 кичи районундагы кыйылган бак-дарактардын ордуна жаңы көлөмдүү кызыл карагай жана эмен дарактарынын көчөттөрү отургузулат.

“Бүгүнкү күндө Токтогул көчөсүнүн  Совет көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин көчөттөрдү отургузуу иштери жүргүзүлүүдө” – деп билдирди “Жашылдандыруу” муниципиалдык ишканасынын башчысы Анвар Атантаев.

Анын айтуусу боюнча аталган аймакта 24 эмен, 15 клен көчөттөрү отургузулду.