ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Шаардык реаблитациялык борборуна 15 жыл толду

Үстүбүздөгү жылдын 22-октябрда Шаардык реаблитациялык борборунда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга арналган  15 жылдык иш-чара өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чарага Шаардын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү катышып, борбордун 5 кызматкерине ак эмгек жана кесипкөйлүгү үчүн ыразычылык каттарын тапшырышты.

Борбордо психолог, массаж, логопед кызматтары, ошондой эле, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге окуулар өткөрүлүп турат.

Азыркы учурда борбор 406 кишиден турат. Анын көпчүлүк бөлүгүн балдар түзөт.

Аталган борбордо сенсордук бөлүм, спорттук жана оюн аянтчалары, жыгач устачылык жана тигүүчү устаканалары иштейт.

Жыл сайын шаардык мэриянын бюджетинен 7,2 млн.сом бөлүнөт.