ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте шаардын суу жабдууларын жакшыртуу боюнча долбоор иштелип жатат

2009-жылы Европалык Реконструкция жана өнүктүрүү Банкы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн насыялык келишими менен “Бишкек шаарынын суу жабдууларын жакшыртуу” долбоору иштелип жатат.

Аталган долбоор суу жабдууларынын инфраструктурасын оңдоп түзөөгө жөнөтүлүп, анын ичинде жабдууларды жана атайы техникаларды модернизацияланып, сууга эсептегичтер орнотулуп жана суу алгычтардагы суу жабдуулары калыбына келтирилди.

Бул долбоордун алкагында төмөнкү иштер каралууда: суу түтүктөрүн оңдоп түзөө, соркычтарды жана электр жабдууларын куроо үчүн жаңы скважиналар жана Орто-Алыш суу алгычына жаңы жабдууларды киргизүү, шаардын суу алгычтарына ультра үндүү шаймандарды орнотуу, тиешелүү атайы техникаларды, кызматтарды берүү каралган.

Бүгүнкү күндө аталган долбоор ийгиликтүү иш жүзүнө ашырылып, иштелип жаткан  6 долбоордун 4 долбоор иштелип жыйынтыкталды. Калган 2 долбоор 2015-жылдын июнь айларына пландалууда.

Андан тышкары, “Бишкексууканал” башкармалыгы  негизги карыздарды жана анын туумдарын  жоюу боюнча бардык милдеттерди  алууда.

Европалык Реконструкция жана өнүктүрүү Банкынын  насыялык каражаты жана СЕКО гранттык каражатынан каралган инвестициянын жалпы суммасы 10,386 млн. еврону түзөт.