ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Калаада “Бишкек- кечээ, бүгүн, эртең” аталышта тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 22-октябрда “Бишке – кечээ, бүгүн, эртең” аталышта тегерек стол өткөрүлдү. Аталган иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору Усубалиев Азамат, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, ошондой эле, активистер жана бизнес өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө шаарды өнүктүрүүдө тиешелүү көйгөйлөр, шаардын инфраструктурасы жана мэриянын Бишкек шаарын өнүктүрүү программасынын эффективдүүлүгү, шаар тургундарынын жашоо шартын ар тараптан көтөрүү каралды.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шаарды өнүктүрүүдө болгону 6 % каражат жалпы шаардык бюджеттен каралганын белгиледи.

“Жарыктандыруу, курулуш, жолдорду оңдоо жана таштандыдан тышкары мэрияда маанилүү иштер бар. Азыркы учурда шаарды өнүктүрүүгө жалпы шаардык бюджеттен 6% гана бөлүнөт. Бул болгону 420 млн сомду түзөт” –деп белгиледи шаар башчысы.

Шаар мэринин айтуусу боюнча шаарды өнүктүрүү программасы  2017-жылы ишке ашырылат. Аталган программанын алкагында таштанды иштетүүчү завод куруу жана  “Тазалык” муниципиалдык ишканасын техникалар менен камсыз кылуу пландалууда.

Бишкек шаарынын Шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору Азамат Усубалиев өз кезегинде Бишкек шаарынын мэриясы, анын ичинде шаарды өнүктүрүү агенттиги активдүү шаардыктардын демилгелерин кароого даяр экенин белгиледи.

“Биз башынан баштап активдүү шаардыктарды шаар көйгөйүн биргеликте чечүүгө чакырып жатабыз. Биз дайыма демилгелерди жана сунуштарды кабыл алып, колдойбуз. Жакындан бери бир шаардык коомдук фонд менен биргеликте шаардын бир нече жолтоомдорун модернизация кылдык. Азыркы учурда Аламедин суусун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.”-деп маалымдады Азамат Усубалиев.

Тегерек столдун жүрүшүндө баш аламан салынып жаткан курулуштар, муниципиалитет жана ишкерлердин өз ара мамилеси, шаарды көрктөндүрүү жана коопсуздук көйгөйлөрү каралды.