ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Биринчи май районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн бир нече пунктар ачылды

Кыргызстандагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн жалпы улуттук кампания башталып, 20141-жылдын 21-октябрда Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Алиев А.Т биометрикалык маалыматтарын тапшырды.

Райондук администрациясынын башчысынын орун басары, аймактык бөлүмдөрдүн жана структуралардын кызматкерлери, райондук администрациянын апараттык кызматкерлери биометрикалык маалыматтарды тапшырышты.

Район башчысы аталган процедура көп убакыт албастыгын жана ыңгайлуу экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, баардык шаар тургундарын биометрикалык маалыматтарды тапшырууга чакырды.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда биометрикалык маалыматтарды тапшыруу үчүн 34 пункт ачылып 9 пункта жабдуулар орнотулду.

1. калкты камсыздоо борбору (Л.Толстой көчөсү, №24)
2. И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети (Мира проспектиси №66)
3. Скрябин атындагы Кыргыз Агрардык университети (Медеров көчөсү №66)
4. №70 орто мектеби (Бөкөнбаев көчөсү №153)
5. №27 орто мектеби (Жумабеков көчөсү  №147)
6. Кыргыз Экономикалык университети (Тоголок Молдо көчөсү  №58)
7. №49 орто мектеби (9-Январь көчөсү №1)
8. №19 орто мектеби (Кулиев көчөсү №187)
9. №16 Жергиликтүү аймактык башкармалыгынын имараты