ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси жыйынтыкталды

Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрнан тартып Бишкек шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыйгарым өкүлчүлүгү менен биргеликте айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.

Жарманке өткөрүүнүн башкы максаты шаардыктарды арзан баада айыл чарба азыктары менен камсыз кылуу.

Ар жуманын ишемби жана жекшемби күндөрү шаардын үч аймагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө орто эсеп менен 400 дөн ашык ишкерлер, түздөн-түз азык өндүрүүчүлөр, Чүй, Ысык-Көл, Нарын областарынын фермерлери катышты.

Жарманкеде сатылган айыл чарба азыктары базар баасына салыштырмалуу  10-15 % га арзан сатылды.

Азыркы учурда жарманке өткөрүү жыйынтыкталды.