ОАО Северэлектро

ОАО "Бишкектеплосеть"

Электрические Станции

Бишкекте Борбор Азиядагы алгачкы жана жалгыз «GRADUS CUP»кубогу ойнотулду

Эски аянтта “Джимкана” тартибинде автожарыш мелдеши өткөрүлдү.

Иш-чаранын башкы  максаты саламаттык жашоо образын үгүттөө болуп эсептелинет.

Эки тандоо этаптын жыйынтыгында,  Gradus CUP  алкагында мыкты балдар тандалып, финалга ат салышты.

Финалдык өтүштө экстемалдык спорттун түрү боюнча Борбор Азиядагы  алгачкы жана жалгыз «Gradus Cup» кубогу ойнотулду.

Судиялык комиссиянын бекиткен эрежелери боюнча, айдоочу орнотулган ирет менен айдоонун ар кандай ыкмасын көрсөтүп берүүсү керек. Джимкана трассасын өтүү менен катышуучулар автожарыштарын 180 жана 360 градуска кайрылыштарды жасап, оор элеменнтерди көрсөтүштү.

Мелдештин өтүшүндө трассадагыдай көрүүчүлөрдүн арасында да драйв жана экстрим атмосферасы жаралып, күйгөн резина жыттанып, көрүүчүлөр тарабынан спортчуларды колдоо сөздөрү айтылып жатты.

Ошондой эле,  шаар тургундарына шаардык музыкалык группалар: "MARS'ель", "Трое Разных", "Enerbeat" дообулбасчылары, "WillBe" и "Trinity" бир топтору жана Dj IZVRAT алып баруучусу жагымдуу маанай тартуулады.

Мелдештин жыйынтыгын калыстар төмөкүчө аныкташты.

«Моно привод»  категориясында биринчи орунду – Nissan 200 sx  үлгүсүнүн  айдоочусу Сметанко Владислав, экинчи орунду Nissan Silvia S15 үлгүсүнүн айдоочусу Сметанко Дмитрий, үчүнчү орунду BMW M3 үлгүсүнүн  айдоочусу Махаев Серик багындырышты.

Ал эми, «Полный привод» категориясында биринчи орунду Subaru Impreza үлгүсүнүн айдоочусу Вакурин Андрей, экинчи орунду Казакстандан келген катышуучу, Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу  Дорофеев Владислав,  үчүнчү орунду Subaru Impreza унаанын айдоочусу Веденев Алексей жеңишке ээ болушту.

Аталган иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын колдоосу менен Экстремалдык спорт түрлөрүнүн федерациясы тарабынан уюштурулду.