Бишкекте “Көңүл коштук жарышуу” акциясы өткөрүлдү
- Подробности
- Опубликовано 21.10.2014 14:45
Калаада жыл сайын өткөрүлүп келген “Көңүл коштук жарышуу” автокараван-акциясы өткөрүлдү. Аталган акцияга Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова, майып балдар ата-энелеринин Ассоциациясы, Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студент- волонтерлору жана автосүйүүчүлөр катышты.
Бул күнү бардык автосүйүүчүлөр Горький көчөсү менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишинде чогулуп, балдарды бал муздак, белектер жана аттракциондор күтүп турган Панфилов сейил багына чейин жеткиришти. Айдоочулар ар кандай жазуудагы барактарды чаптап, унааларын кооздошту.
Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова балдарынын укугу үчүн күрөшкөн ата-энелерге ыраазычылык билдирип, аларга жана балдарына бекем ден соолук каалады.
“Биринчиден, балдарынын укугу үчүн күрөшүп жаткан ата-энелерге ыраазычылык билдирем. Мен дайыма айтам, мамлекет кандай болгон убакта дагы мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жардам берүүгө милдеттүү. Сиздер биринчи кезекте мамлекеттин колдоосуна муктажсыңар. Ал эми экинчиден, сиздерге, ата-энелериңиздерге чын ден соолук каалайм. Сиздерди жакшы түшүнөм, балдарды чоңойтуп өстүрүү жана аларга татыктуу билим берүү оңой иш эмес. Колубуздан келген жардамды берүүгө даярбыз” – деп белгиледи вице-мэр.
Акциянын башкы максаты- мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көйгөйлөрүн коомдун көңүлүн бурдуруу. Ошондой эле, майып балдарга кубанычтуу маанай тартуулоо.
Эскерте кетсек, аталган иш-чара 6 жылдан бери өткөрүлүп келет.
Бишкек шаарынын мэри
КРУБ валюталар курсу
20.03.2023 | ||
USD | 69.74 | |
EUR | 79.24 | |
RUB | 1.05 | |
KZT | 0.18 | |
Баардык курстар |